Тарыхы


Кызыл-Кыя шаары Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы байыркы шаарлардын бири болуп саналат.

1951- жылы эки жылдык медсестралар мектеби Ош шаарынан Кызыл-Кыя шаарына которулган. Окуучуларынын саны 30 адамды тузгон. Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан райондордон Ноокат, Кадамжай, Баткен, Лейлек, Хайдаркан, айылдарында Караван, Уч-Коргон медициналык кызматкерлердин жардамдарына муктаж айыл өкмөттөрү болгондуктан, шаарга медициналык окуу жайы ачылган. Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык окуу жайы, шаардык ооруканага жакын жайгашып, бул оорукана медициналык училищага база тузуп берген.

Бул учурда медициналык училищада бир бөлум ачылган.

1952-жылы студенттердин саны 90 адамга жеткен.

1954- жылы медициналык мектеп, медициналык училища болуп (түзүлүп, окуу мөөнөтү 3 жылга созулган жана акушердик, фельдшердик бөлүмдөр менен толукталган. Студенттердин саны 120 жеткен.

Кыргыз республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигинин 2008-жылдын 10- декабрындагы №639- буйругунун негизинде Кызыл- Кыя шаарынын медициналык окуу жайы Кызыл-Кыя шаарынын медициналык колледжи болуп аталды. Ал эми ушул эле буйруктун негизинде №107 буйрук 12-март 2009-жылы колледждин уставы бекитилди.

Биздин студенттерибиз 7 адистик боюнча билим алышууда. Бул адистиктерди даярдоодо 65 мугалим узурлуу эмгектенип, өз билимдерин талыкпастан студенттерге берип келүүдө.

Окуу жайыбызда 37 тайпада 900 студент билим алып жатышат. Алардын ичинен 45% бюджеттин эсебинен, 55% контрактын негизинде. Кошумчалай кетүүчү нерсе «4», «5» деген бааларга окуган студенттер, жалпы студенттердин 60% түзөт.

Саламаттыкты сактоо тармагы кыйын тармак. Мына ошого карабастан биздин окуу жайдан алгач билим алып, учурда кыргыз злине таанымал болгон инсандардан атап өтсөк  Мамытов Миталип Мамытович, Мураталиев Толкун Мураталиевич, Жээнбаев Жолборс Жээнбаевич, Тойгонбаев Колдош Тойгоибаевич, Кочкоров Мамасали Кочкорович. Ошондой эле шаардык борборлоштурулган ооруканада көп жылдардан бери узурлуу эмгектенип келе жаткан агайларыбыздан атап өтсөм Абдибаитов Шерали Абдибаитович, Акматов Малабай Акматович жана башка көптөгөн ак халатчан даарыгерлерибиздин атын атоого болот. Ушул медициналык училищаны ийгиликтүү аяктап, анда сон Медициналык институту бүтүрүп келип, студенттерге терен билим берүүдө талыкпастан эмгектенип келе жаткан мугалимдерибизден Кадыров Мамадумар Кадырович, Ахмедова Насиба Мажитовна, Тилякова Дилнора Турдукуловна, Нишанова Дилдора Нишановна, Маматкулов Абдувахоп Маматкулович, Биздин медициналык окуу жайды ийгиликтуу, аяктап азыркы учурда жаштарга терен билим жана тарбия берүүдө өздөрүнүн салымдарын кошуп келе жаткан агай эжелерибизден Маманазарова Насиба Сапаровна, Давриш Оглы Исмаил Сулайманович, Токтосадыкова Матлюба Пулатжановна, Калыкбердиева Бегимай Калыкбердиевна, Киргизбаева Буниса Хабибиллаевана, Абдуманнопова Айгүл Шамшидиновна, Арыналиева Гулмира Акимовна, жана башкалар.

Врачтарга жакындан жардам көрсөткөн, алардын көрсөтмөсүнүн негизинде күндү, түндү билбей үзүрлүү эмгектенген бул кенже медициналык кызматкерлер болуп саналат. Бул кенже медициналык кызматкерлерибиз Республикабыздын түрдүү аймактарындагы медициналык колледждерден бүткөн мээрман эжелер, фельдшерлер, акушерлер, фармацевтер болуп саналат, Ошолордун катарында биздин колледждин бүтүрүүчүлөрү да бар.